Ош, “Саясат.kg”. Жалган жасалган документтин негизинде 5 муниципалдык имаратты тартып алышкан 

 

Ош шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо Департаментинин аткаминерлери жарандарга кыймылсыз мүлкү жок экендиги туурасында жалган күбөнаамаларды тууралашкан.

 

Бул фактынын негизинде прокуратура тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин “Кызматтык кыянатчылык”, “Жалган документтерди урунуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Анткени, дал ошол жалган күбөөнаамалардын негизинде бул жарандар беш муниципалдык имаратты бекер алышкан. Ошентип, акырында атлган кызматкерлер мамлекеттин кызыкчылыгын каалагандай телебеп-тепсешкен.

 

Ушул тапта кылмыш ишин тергөө кызыган чагы.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы