Баткен, “Саясат.kg”.  “Mercedes-Benz Sprinter” автомашинасын катуу тинтишкенде, анда эки тоннага жакын жүзүм бардыгы аныкталды 

 

Баткен чек ара отрядынын чекарачылары Кыргыз-Тажик чекарасы аркылуу аткезчидик менен ташылып бараткан жүктөрдү колго түшүрүштү.

 

Маалыматка караганда, Баткен ченкара отрядына караштуу “Карабак” чекара заставасынын аскерлери Дөбө тилкесинде Тажикстандын төрт, Орусиянын жана Кыргызстандын бирден жаранын кармашты. Алар мыйзамсыз минишкен “Mercedes-Benz Sprinter” автомашинасын катуу тинтишкенде, анда эки тоннага жакын жүзүм бардыгы аныкталды. А тигилердин бул жүктөрдү коштогон эч кандай документтери болгон эмес.

 

Тиешелүү протоколдор толтурулгандан кийин кармалгандар жана жүктөр Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Баткен облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы