Бишкек, “Саясат.kg”. ИИМ коркунучтуу оюндун таркап жаткандыгына байланыштуу, алдын-ала чараларды көрүп жатат. 

 

Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттары өспүрүмдөр үчүн коркунучтуу болгон “Көк кит” оюнуна окшош “Момо” жаңы оюну социалдык тармактарда тарап жаткандыгы боюнча эскертүүчү маалыматты таратышкан.

 

Картинки по запросу момо ватсап

 

Момо оюну WhatsАpp мессенджери аркылуу аркылуу жайылууда. МОМО каймана аттуу колдонуучунун башкы сүрөтүндө 2016-жылы ужастар тууралуу галереясында коюлган япон скульпторунун ишинин сүрөтү жайгаштырылган.

 

Оюндун башчылары өспүрүмдөргө зомбулук боюнча сүрөттөрдүн топтомдорун, андан соң буйруктарын аткарууга түрткөн коркутууларды жазуу түрүндө жөнөтүшөт.

 

Ушуга байланыштуу, ушул сыяктуу оюн жалпыга тароону алдын алуу үчүн КР Ички иштер министрлиги “Момо” оюнунун балдарга менен өспүрүмдөргө коркунучтуу экендигин эскертет.

 

Латын Американын кээ бир өлкөлөрүндө ушуга байланыштуу тынчсыздандыруулар болуп жатат. Эстеп калуу керек: WhatsАpp мессенджериндеги контакта Момо пайда болсо, тез

арада өчүрүп же сиз менен байланышуусуна бөгөт коюп салыңыз.

 

Интернет мейкиндикте тарап жаткан коркунучтуу оюн боюнча ИИМ алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Ата-энелер балдардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна кайдигер болбой, башка бирөөнүн баласына дагы коркунучтар жарала турган болсо да кырсыктарды алдын алууга милдеттүү.