Ош, “Саясат.kg”. Бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнүн төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары Алтынай Өмүрбекова ювеналдык (өспүрүмдүк) юстиция боюнча ведомство аралык координациялык Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

 

- Бул профилактикалык иш-чараларды жүзөгө ашырууда  олуттуу мандем бар экендигин даана айгинелейт. Республикабызда ар тараптуу социалдык реабилитациялоо системасы анчалык өнүккөн эмес жана кыйын кезеңдеги өспүрүмдөргө жетиштүү түрдө социалдык колдоо дагы көрсөтүлбөйт! деп агынан жарылды вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

 

Ал эми укук коргоо органдары өспүрүмдөрдү кылмыштуулукка түрткөн олуттуу фактор сыңары үй-бүлөлөрдөгү ажырашууларды жана үй-бүлө институтунун ыдырашын катуу айыптап келатышат. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, өткөн алты ай аралыгында өспүрүмдөр арасында 134 кылмыш катталган. Булардын басымдуулугу - каракчылык жана уруулук менен кармалгандар.

 

Буга дейре Ата Мекендик укук коргоочулар Кыргызстандагы өспүрүмдөр колониясын жабуу тууралуу демилге көтөрүшкөн. Алар "Балдар абагы өспүрүмдөрдүн психологиясын бузуп, болочок кылмышкерлерди гана даярдайт" деп тынсызданышып, коңгуроо кагып жатышат.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы