Мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен анын жубайы Асел Шадиеванын банктык эсептери беш күнгө тоңдурулду.

 

Бул тууралуу соттун чечиминде айтылды.

 

Маалыматка ылайык Шадиев жүрөк оорусуна байланыштуу 6-апрелден бери ооруканада дарыланып жаткан.

 

Эске салсак, Шадиев биринчи вице-премьер-министрлик кызматынан кетүү үчүн 6-апрелде арызын жазган. Парламентте жоголгон акча боюнча иликтөө бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кетүүнү туура көргөн. Буга чейин Чыңгыз Айматов атындагы сыйлыкка парламенттин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча УКМКга сурак берип чыккан.

 

Булак: "МаралFM"