Бишкек, “Саясат.kg”. Жакында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору өз арызы менен кызматынан кетери айтылып, буга ишмердүүлүгүндөгү кетирген катачылыктары себеп болуп жаткандыгы чынбы? 

 

ЖАМУ – Кыргызстанды тарыхы узун окуу жайлардын бири. Быйыл анын 95 жылдык мааракеси белгиленет. Арийне, түштүктөгү алдыңкы окуу жайларыныны бири саналган ЖАМУда акыркы кезде иш жакшы жүрбөй жатканы ырас. Буга биринчи кезекте ректор Кеңешбек Усеновдун өзүм билемдик саясаты себеп болууда. Мына, Кеңешбектин артынан көптөн бери жакшы эмес кептер чубалып келатат, аны басма сөздөн окуп алып, төбө чачыбыз тик турууда. Бирок, өзүнүн башындагы чөптү көрбөгөн К.Усенов мунун баарын ынтымагы бекем эмгек жамааттан көрүп, жактырбаган адамдарды бирден чакырып, “түбүңө жетем” өңдүү коркутууларды көбөйткөндүктөн, ал жакта тээ 37-жылдагыдай заман өкүм сүрүүдө. Ошол айтылып келе жаткан терс иштер боюнча жарытылуу жооп бере албай, өзүнүн деңгээли ушундай окшобойбу, ушактын гана деңгээлиндеги жоопторду жазып, жоопкерчиликти башкаларга жүктөгүсү келип жатканы акылгай сыйбай турган көрүнүш го.

 

Мисалы, өткөндө биздин сайтка “Коррупцияга каршы күрөш Жалал-Абадка жетти. Эмки кезек – ректор Кенешбек Усеновдобу?” аттуу макала жарык көрүп, ЖАМУ жетекчисине бир топ “неудобный суроолорду” багыштаганбыз. Анткен менен ага, компетентүү жооп ала албай койдук. Мисалы, “Атын атабаган автордун жогорку деңгээлдеги компетенттүү органдардын комиссияларынын бир канча текшерүүлөрүнүн корутундуларына “претензия” коюп жатканы “Жаман өзү тең келбесе да, сөзү менен тең келет” деген таамай макалды гана эске салат”, “К.Усенов көтөргөн 50% кызматтык окладды коллектив менен бирге сен да алып жатасың го! Кимдин эмгек акысы мурункудан да2-3 миңге кыскарып кеткен? Факты барбы? “13-оклад” дегенди унуткан элек, ошону берген К.Усеновду күнөөлөп жатканың ичкен сууңа түкүргөн менен барабар. Мындайда кыргыздар “Суу ичкен кудугуңа түкүрбө, кесириң тиет өзүңө” дешкен”, “Кылымга тете тарыхы бар, касиеттүү окуу жайдын жалпы жамааты К.Усеновдун жетекчилиги астында ынтымакта чыгармачылык менен иштеп, ийгиликтерди жаратууда”, ““Кой аксагы менен миң” дегендей, арабызда жумурткадан “кыр” издеген “кумалактар” бар экенин билебиз”,- сыяктуу нерселер жазылган ЖАМУ пресс-кызматынын жообунда. Конкреттүү суроого жооп бергендин ордуна, эмгек жамааттан “душман” издегени көрүнүп турбайбы. Андан болсо, ошол “кумалактардын” атын ачык айтпайбы? Биз дагы билип алалык. Айта албасы анык, себеп дегенде, фактысы жок бирөөнү жаманатты кылып, огобетер шермендеси чыгышын каалашпайт.

 

Жалал-Абад облусунда прокурор болуп иштеген Өткүрбек Жамшитов башпрокурорлукка секирди. Дал ошол кишинин тушунда ЖАМУ ректорунун былыктары жашырылып келген. Жаңы башпрокурор эл алдында таза иштей тургандыгын, мыйзам үстөмдүүлүгүн орното тургандыгын, кылмыш иши ким экендигине карабастан калыс тергеле тургандыгын Жогорку Кеңештин трибунасынан айтты. Ошондо, Ө.Жамшитов ЖАМУнун ректоруна байланыштуу козголгон кылмыш иштерин да “жакшы санаалаш” экенине карабастан жандантып, жопкерчиликке тартабы? Эгер Өткүрбек мырза калыс мамиле жасабаса, ага карата эл ишеничи бат эле сууйт. А бирок, башпрокурор чындыктын жолун тандаса, ректор К.Усенов өз каалоосу менен эле, уят боло электе кетип калса жарашып турат.

 

Азырынча биз “неудобный” жагдайларга кайрылалы:

 

1. ЖАМУда ректорлук шайлоо акыйкат өткөрүлгөнү менен жалпы жамааттын укугун тебеленип, шайлоодон экинчи орунду алган К.Усеновду ректор кылып жөнөтүп коюшкан, бул ансыз деле ыдырап турган жамаатты 4-5ке бөлүп салганы айтылууда. Азыркы ректор ар бир сөзүндө жамаатты кекеткенсип. “мен шайлоодон өтүп беш жылга шайланып келгем, мени эч ким беш жылга чейин ала албайт. Арыздансаңар жогору жактагылар кайра эле тагдырыңарды чечүүнү мага жиберишет”,- деп коркутатканы 37-жылдын карааны эмей эмне?

 

2. “ЖАМУнун 95 жылдык юбилейин өткөрүп алайын, тазалап жок кылып, анан иштейм”,- деп ректор жадатып кайра-кайра айта бергендиктен, “95 жылдыктан кийин тагдырыбыз эмне болот?”- деген тынчсыздануу ар биринде бар экен. Мындан тышкары, 95 жылдыкка карата ЖАМУнун көптөгөн акчалары каалагандай сапырылып жатканы ыраспы? Мааракени өткөрүүгө бардык даярдыктарга акча каражаттары профессордук-окутуучулар тарабынан топтолуп каржыланып жатканы, конокторду кимдер чакырса ар бир факультет, кафедралар өздөрү сыйлап, мейманкана ж.б. маселесин өздөрү көтөрүп жатышканы кайсы акылга сыят?

 

3. Ректорлук шайлоодо азыркы ректор К.Усеновго чуркаган 4-5 аял гана университетти башкарып, ошолордун айтканы-айткан дегени-деген болуп, аларга кокус жакпай калгандар куугунтукка кабылып келатканын кантип түшүндүрсө болот? Шайлоодо добуш бергендердин тизмесин коюп алып, каршы добуш бергендерди “мага добуш берген эмессиң” деп ачык айтып, маселесин чечпей койгон учурлар болду беле?

 

4. Акыркы убактарда ЖАМУда  плансыз жасалып жаткан иштердин бардыгына канча акча каражаты сарпталып, каражат булактары кайдан алынып, курулуш иштерине  керектүү материалдар кантип сатылып алынганын, алар мыйзам чегинде орундуу жумшалганын жана бүткөрүлгөн Футбол аянтчасы стандартка туура келээрин билгибиз келет. Жасалган жумуштар боюнча кеткен чыгымдарга көптөгөн сумма жумшалганы айтылып жүрөт?

 

5. Педагогика факультетиндеги биринчи кабаттагы кызматкерлер үчүн ондолгон дааратканасы эмне үчүн жакшы иштебейт? ЖАМУнун бардык сатып алуу жумуштарын жүргүзүп жаткан тендердик комиссиянын иш аракетин ким текшерет? Эмне үчүн жаңы эмеректер сатылып алынбай калды? 2 жылдан бери ЖАМУнун окуу процессин жүргүзүү үчүн керектелүүчү кагаз ж.б. керектүү нерселер эмне үчүн алынбай калды? Кафедралардагы принтер, көчүрмө техкаражаттарына боёк куюп иштетүү үчүн окутуучулар айына ортодон акча жыйнап иштеткени кандай? Деги эле К.Усенов ректор болгондон бери концелярдык керектелүүчү товарларды алуу токтотулганбы, таптакыр берилбей келиптир?

 

6. ЖАМУнун бардык корпустарындагы ашканаларды иштетүү үчүн тендерди бир адам гана (ректордун жээни) утуп алып иштетип жатат. Буга эмне дейсиз?

 

ххх

 

Буга чейин ЖАМУдагы мыйзам бузуулар алкагында № 172-17-38 сандуу кылмыш иши козголуп, аны Жалал-Абад финполунун тергөөчүсү Т.Баев токтотуп салган (кийин кайра жанданган). Аны эмне мынча жанталашат десе, ЖАМУнун алдындагы Жалал-Абад колледжинин укук адистигинин окутуучусу болуп 2017-жылга чейин иштеген экен.

 

КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Жалал-Абад областы боюнча тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Т.Баевдин кабыл алган тергөөнү токтотуу чечимин бузуп, №172-17-38 сандуу кылмыш ишин КР ӨК ЭКККМКнын ТБ Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмүнө жиберүүнү сурап  жөнөткөн маалыматы Башкы прокуратурада каралып, кайрадан кылмыш иши козголгону белгилүү. Ал материал Жалал-Абад областык прокуратурасына келип түшүп, белгилүү убакытка кармалып, анан Жалал-Абад финансы полициясына өткөрүлгөнүн да тактаганбыз. Ортодо бир айдан ашык убакыт өтүп, ал иш боюнча папка Финансы полициясында жок болуп чыга келет. Кимдир бирөө кайрадан Башкы прокуратурага ишти кайтарып алганы белгилүү болду. Президентибиз С.Жээнбеков козголгон кылмыш иштерин дыкат иликтеп,  акыйкат кароону кайра-кайра суранып жатканына карабай, көпчүлүк эл, болгондо да профессордук-окутуучулар жамаатын күттүрүп, ортодо иш каралбай эле иш тиркелген папкалар Бишкек-Жалал-Абад, Жалал-Абад- Бишкек каттамында почта аркылуу кетти болуп жүрүп, акыр аягы жоголуп, “каралуучу адам аппак болуп чыга келбейби?”- деген коркунуч абалы пайда болуп турат. “Укук коргоо органдары укугу тебеленип, басмырлангандарды колдоп, алар мыйзам чегинде иш алып барат”- деп эл күтөт, бирок, жалгыз президенттин аракетин ортодогу жашылбайга көзү кызаргандар жокко чыгарып жатпайбы. Мындан улам, ректор К.Усеновдун “жогору жактын баарын сатып алып койгон, ага эч ким баш көтөрө албайт” дегенине аргасыздан ынанат экенсиң.

 

Ошондуктан, бардык үмүт президент С.Жээнбековдо жана ал ишенип алып келген Өткүрбек Жамшитовдо. Жаңы Башкы прокурор баяндалган нерселерди акыйкат тескетип чыкса, канча элдин сообуна калган болот эле... Бул макаланы расмий кайрылуу катары кабыл алыңыз, Өткүрбек мырза!