Араван райондук соту он беш жаштагы небересин турмушка узаткан 57 жаштагы аялды шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Бул жөнүндө Ош облустук сотунан кабарлашты. 

 

Аталган фактынын негизинде “Жашы жете элек өспүрүмдү кылмыш жасоого үндөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Айтмакчы, аял небереси кош бойлуу болуп калгандыктан, ушундай кадамга баргандыгын ачык эле айтууда. Ал сотто күнөөсүн дагы толук моюндап, небереси менен күйөө баласы сүйлөшүп жүргөндүктөн, экөөнүн баш кошуусуна мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн эч жашырган жок.

 

Ал эми небереси А. Е. дагы сотто боюна бүтүп калгандыктан, өз эрки менен турмушка чыккандыгын жар салды. Ошого карабастан, сот аялды күнөөлүү деп таап, аны шарттуу түрдө 3 жылга кесип жиберди.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: