“Ак-Жол” чек ара бекетинен Кыргызстандан алган жасалма паспорту менен Казакстанга кетүүгө аракет кылган Өзбекстан жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Кыргыз чек арачылары документтин жасалма экендигин дароо байкап калышкан. Анан аны тыкыр иликтөөгө алганда, киши Өзбекстан жараны экендигин акыры өзү моюндады. Ал паспортту Ошто жасаткандыгын дагы кошумчалады. Анткени, ага Орусияга кирүүгө тыюу салынгандыктан, жасалма документ колдонууга аргасыз болгон.  Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган Өзбекстан жараны УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити