Ноокат шаарына караштуу Бостон кыштагына айылчылап барган жигитти жергиликтүү эки тургун сабап таштаган. Ошондуктан, ал оор жараатынын кесепетинен улам 32 жашында каза тапты. Бул жөнүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев маалымдады. 

           

- 32 жаштагы жигити 30-мартка караган түнү саат 02.30дар чамасында Бостон айылында жашаган тааныш кызына барган экен. Алардын жолугушуп жатканын көрүп калышкан эки жигит күтүүсүздөн кол салышып, катуу токмоктошкон. Акырында сабалган жигит абдан оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, дарыгерлердин ыкчам аракетине карабастан, 5-апрелде каза тапты, - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.

 

Ушул тапта каза тапкан жигитти сабаган балдар бүт кармалып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголду. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дагы дайындалды.

 

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити