Кылмышкерлер жолдон унааны ээн жерден токтотушуп, анан айдоочуну экөөлөп муунтуп кыйнап өлтүрүшкөн.

 

Андан кийин маркумдун унаасы менен Бишкек шаарына барышып, буга улай унааны сатуу аракетин жасашкан.

 

Баса, Ош шаарында таксист болуп эмгектенген 25 жаштагы Алишер Тажибаевди өлтүрүүгө шектелген эки аскер кызматкери өмүр бою абакка кесилишти. Бул жөнүндө Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов маалымдады.

Эске салчу жагдай: 2017-жылы 11-август күнү саат 22:30 чамасында Ноокат районунун Ак-Терек айылынын Кескен-Бел аймагынан 20-25 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылган. Ыкчам тергөөнүн аркасында маркум Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасынын жашоочусу Алишер Тажибаев экендиги аныкталган. Ош шаардык милициясы тарабынан бул фактынын негизинде шектүү катары мурунку эки аскер кызматкери кармалган. Аларга карата Кылмыш жаза Кодексинин 360-172 жана 28-177-97-беренелери менен (аскерден качуу, автомобилди укукка жат түрдө ээлеп алуу жана аны сатуу, адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон.

 

- Алгач бул иш Ош шаардык сотунда каралып, айыпталуучулардын бири 25 жылга, экинчиси 22 жылга эркинен ажыратылган экен. Соттун өкүмүнө нааразы болгон жабырлануучу тарап Ош облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылган. Ош облустук соту айыпталуучуларды Кылмыш жаза Кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-8-19-пунктулары боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты. Айыпталуучу мурунку аскер кызматкери 1995-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал аскер бөлүктөрдүн биринде мээлегич-оператор болуп келишимдик негизде кызмат өтөп жүрүп, кызмат ордун таштап кеткен. Экинчи айыпталуучу 1996-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган. Аскер бөлүктөрдүн биринде айдоочу болуп келишимдик негизде кызмат өтөгөн экен,- деп кошумчалады Ош облустук сотунун басам сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

 

Маалыматка караганда, эркинен ажыратылган эки аскер кызматкери 2017-жылдын 5-августунда саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Анар кичирайонунан таксист Алишер Тажибаевди Араван районуна жеткирип коюуну суранышкан. Жолдо бара жатып унааны ээн жерден токтотуп, экөөлөп аны муунтуп өлтүрүшкөн. Андан соң маркумдун унаасы менен Бишкек шаарына келип, унааны сатууга далалат кылышкан. Эркинен ажыратылгандар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөшмөкчү. Мындан тышкары алар жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө 693 миң 901 сом материалдык, 1 миллион сом моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилди.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити