Бишкек, "Саясат. kg". «Идеал Хаус» эмнеге арзан сатылган?
Кызматтык абалын аша чаап пайдаланган деп айыпталып жаткан Болсунбек Казаковдун бүгүн баш коргоо чарасы каралат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков «Ала-Арча» резиденцияна жакын жайгашкан 48 коттеджден турган VIP-шаарчанын 12 гектар жери менен сатылышы боюнча кармалган.
Максим Бакиевге таандык болгон, бирок кийин мамлекетке алынган «Идеал Хаус» VIP-шаарчасы былтыр 142 миллион сомго сатылганы коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жараткан болчу.