Бишкек, “Саясат. kg”.  Абдил Сегизбаевдин ишмердүүлүгүнө ар кыл сындар айтылууда.

 

Мамлкеттеги негизги көзөмөлдөөчү органдардын бири УКМкнын башчысы кызматтан кеткенден бери, ордуна кандай адам келиш керек деген суроо коомчулукта кызуу талкууланып жатат.  Айрым эксперттердин пикиринде УКМКга эч бир партияга тиешеси жок адам келиш керек.  Бул жетекчинин кимдир бирөөгө көз каранды болбой иштөөсүнө мүмкүнчүлүк ачат  дешет. Ал эми  айрым депутаттар чыныгы кесипкөй, өз ишин мыкты билген, абиири таза инсан турушу зарыл экенин дагы айтып чыгышты.

 

Ошол эле учурда, бул мекеменин экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин ишмердүүлүгүнө ар кыл сындар айтылып, анын мыйзамсыз иштери териштирилиши керек дегендер дагы жок эмес.

Тема: