Бишкек, “Саясат. kg”.   Жол кырсыктарынын  курмандыктары көбөйүүдө

 

Борбор калаадагы Асанбай кичи районундагы аялдамалардын биринде турган аялды унаа келип сүзгөн. Бул жол кырсыгын карама каршысында тургандар видеого тартып, интернетке  жүктөшкөн. Андагы тасмага ылайык, аялдамада турган аялды мерседес үлгүсүндөгү кара машина арты менен келип сүзгөн.

 

Тиешелүү кызмат өкүлдөрү билдиргендей, аял ошол жерден жан берип, айдоочу ооруканага жеткирилген.

 

Эскерте кетсек, жакында эле жолдун жээгиндеги бир аялды кызы менен унаа сүзүп кетип, кызы бир бутунан ажырап, анын апасы дароо каза болгон болчу.