Бишкек, “Саясат. kg”  Жээнбеков:  Коррупциялык кылмышка тиешеси барлар жоопкерчилике тартылууга тийиш

 

 

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы  Абдил Сегизбаев менен УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Сагынбек Исмаиловду кабыл алды.

 

УКМК менен АКК жетекчилери Бишкек ЖЭБдеги  авария жана модернизациялоо, республикалык бюджеттен негизи жок  КНС төлөп берүү фактылары жана башка коомдук резонанс жараткан иштер  боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

 

Сооронбай Жээнбеков  сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция  өлкөнүн улуттук коопсуздугуна негизги коркунуч келтирген абалда калып жаткандыгын айтты. Ал эми  УКМК Антикоррупциялык кызматынын иши жалпы коомчулуктун катуу көзөмөлүндө тургандыгын баса белгиледи.

 

Сооронбай Жээнбеков Абдил Сегизбаевге “Кандайдыр бир коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш”, -экендигин  эскертти.