Коңшулаш Тажикстан Республикасынан мыйзамсыз ташылып келген 11 тонна картошка Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан кармалды. 

 

Маалыматка караганда, «Баткен» бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан К.К.У. аттуу Баткендин тургуну башкарган шектүү автоунаа дароо токтотулуп, ичи текшерилген. Унаанын жүк катылган бөлүгүн аңтарганда, тийиштүү документтери жок Тажикстандан ташылып келе жаткан жалпы салмагы 11025 кило картошка табылды. Анын жалпы суммасы 198 450 сомду түзөт.

 

Иштин материалдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди. Айыпкерден 70 437 сом өлчөмүндө айып пул дагы өндүрүлдү.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Булак: “Майдан.kgгезити, №010, 21-март 2017-ж.