Жемкорлукпу же...? 

 

Эсиңиздерде болсо, аз күн мурда  КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлык менен кошо берилчү 30 миң долларды уурдоо фактысы аныкталган. Акчаны Жогорку Кеңештин бухгалтериясынан алып, бирок аны КМШ ПААнын эсебине котортпой чөнтөгүнө салып алган деп айыпталып ЖКнын эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров кармалып, камакка алынган.

 

Учурда тергөө иштери жүрүп, Арсен Закиров ал акчаны кантип кымырып алганын саймедиреп жаткан кербези. Ким күнөөлүү экенин албетте, тергөө иштери бүткөндө дайын болот. Бирок  учурда бул окуянын айрым чоо-жайы маалым боло баштады.

Жогорку Кеңеште айтылгандарга ишенсек, Арсен Закиров эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы катары Жогорку Кеңештин ошондогу эл аралык иштер комитетинин төрагасы Аскар Шадиевге кирип, “акчаны которушубуз керек, сыйлык ээсине берилет”- деп колун койдуртуп чыккан экен. Кызмат абалына байланыштуу кол тамгасын коюп бериши керектигин түшүнгөн А.Шадиев эч нерсени ойлонбой эле колун коюп берген. Тергөөнүн жүрүшүндө да А.Закиров бул ишке А.Шадиевдин эч кандай тиешеси болбогонун, эч нерсе билбегенин айтып, көрсөтмө берип жатыптыр.

 

Ошону менен ЖК бухгалтериясынан сыйлыктын акчасы бөлүнүп берилет. Бирок ушул жерде суроолор бар. Эмне үчүн 30 миң доллар түз эле Жогорку Кеңештин эсебинен КМШ ПААнын эсебине которулган эмес? Акча кантип Арсен Закировдун колуна тийип калган? Эгерде акча түз КМШ ПААнын эсебине жөнөтүлгөн болсо, А.Закиров аны кантип алып алган? Бул суроолор жоопторду талап кылбай койбойт.

 

Баарынан кызыгы, Арсен Закиров бул “акчаны солоо” операциясын ишке ашырууда жалгыз болгонбу? Же башкалар менен бирге аракеттенгенби? Бир факты анын мында жалгыз болбогонунан кабар берет. Бул кыңыр иш ачыкталганда, акчаны бухгалтерияга  өткөрүп, келтирилген зыянды ордуна коюу аракети болгон. Арсен Закиров камакка алынардын алдында Жогорку Кеңештин башка кызматкери Кубаныч Мураталиев акчаны ЖКнын эсебине өткөрүп, кылмыштын изин жаап салуу аракетин көрүп, бир күн кечке ЖКнын эсепканасын айланчыктап жүргөнү маалым болду. Акчаны уурдоого Арсен  Закиров шектелип кармалса, Кубаныч Мураталиевге акчаны кайтарып берүүгө эмне күч келди? А.Закировго жардам кылайын дегенби, же бул ишке анын да колу тийген беле?

 

Не дебейли, бул иште Арсен Закирво жалгыз болгон дегенге ишенүү кыйын. Тергөө иштери аяктаса, ага жардам бергендер да, катышкандар да, иштин артында кимдер тургандар да анык болор.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити