Ош, “Саясат.kg” – А.Токсонбаев. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдады.
Араван районунда үйүнүн короосундагы кудукка түшүп кеткен төрт жашар бала жеринде набыт болду.
- Кырсык Араван районуна караштуу Уйгур-Абад кыштагында жүз берген. Үйдүн короосундагы кудукка түшүп кеткен баланы эч ким байкабай калган. Мунун кесепетинен наристе кудук ичинде жанталашып жатып каза тапкан,- деп кошумчалады Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.