Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ, Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча өкүм чыгарды.
Медакадемиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 2016-жылдын 25-февралында өзүнүн кабинетинде МУККнын Антикоррупциялык кызматынын өкүлдөрүнүн оперативдик иш-чарасынын мезгилинде каза тапкан. Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына караштуу антикоррупциялык кызматтын (мындан ары - АКС) адамдары ошол күнү Медакадемияга барышып, А.Гапаровго карата оперативдик иш-чара өткөзүшкөн. Расмий версия боюнча, маркум Медакадемиянын аймагына күркө коюп берүү үчүн кызыкдар жарандан 30 миң сом пара талап кылган. Бирок, Абдыкерим Гапаровдун бир туугандары, Медакадемия жетекчилиги бул дооматты четке кагышып, маркумга карата АКСчилер кызмат абалынан ашыкча аракеттерди жасагандыгы үчүн сотко кайрылышкан.
Судья Кымбат Архарова жоопкерчиликке тартылып жаткан АКСтин кызматкерлери Замирбек Суваналиев, Алмаз Мусаев жана Чыңгыз Айманбаевди “аракетинде кылмыштын курамы жоктугуна” байланыштуу актоо чечимин угузду. “Тергөөдө айыпталуучулардын аракети Гапаровдун өлүмүнө себепкер болгондугу көрсөтүлгөн эмес. Эксперттердин көрсөтмөсүнө ылайык, өлүмгө жүрөктүн токтошу кириптер кылган. Ар кандай окуялар эмоционалдык стресске алып келиши мүмкүн. МУККнын кызматкерлеринин иш-аракети жүрөктүн токтошуна алып келиши ыктымал эмес”,- дейт судья.
Өкүмдө Гапаровдун өлүмү болгону эле кайгылуу жагдай болгону, айыпталуучуларда кылмыштык мотивдин жоктугу көрсөтүлгөн. Эске салсак, Замирбек Суваналиев “кылмыш абалынан кыянаттык менен пайдалануу), Алмаз Мусаев менен Чыңгыз Айманбаев “шалаакылык” беренелери боюнча айыпталып, прокурор ар бирин 3 жылдан колония-поселениеге кесүүнү суранган.
Октябрь райондук сотунун чечими мыйзамсыз, эч бир логикага сыйбагандыгын, а судья Кымбат Архарова Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринен корккондуктан бул өкүмдү чыгарууга аргасыз болгондугун маркум Абдыкерим Гапаровдун бир туугандары билдиришти. Алар ачыктан-ачык эле судьянын сатылып кеткенин билдирип чыгышты. “Айыпталып жаткан адамдардын атамдын өлүмүнө тикелей күнөөсү бар экендиги фактылар менен далилденген. Судья Кымбат Архарова алардын бирин да эске алып койгон жок. Сот жоопкерчилигинен кутулуп кетүү максатында булар канча жолу берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүп ийишти. Атайын экспертизаларда атама карата күч колдонулганы, жүрөгү кармаганда медициналык жардам көрсөтүүгө далалат жасашпагандыгы, алар барган мезгилден атамдын өлүмү билингенге чейинки мезгил аралыгында кыйкырык, ызы-чуу орун алгандыгын сот эмнеге унутуп кетти? Анткени, Кыргызстанда сот адилеттиги жок. Судья Архарованы сатып деле алып коюшкан окшойт же абдан коркутушса керек. Бирок, биз тагдырга моюн сунуп олтуруп бербейбиз. Ооба, биз ар бир баскан кадамыбыздан коркуп калдык. Ошентсе да, акыйкаттык үчүн күрөштү улантабыз. Жакынкы аралыкта сөзсүз Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылабыз”,- дейт ал.
Кыргызстандагы соттор акчанын же болбосо бийлиги бардын кулу болуп калгандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Жада калса кайсы судьянын ставкасы канча экенин да адвокаттар жакшы билишет. Жалаң жогору жактын гана буйругун аткарган судьялар бар, аларга кызматы ар-намысынан бийик турат. Кымбат Архарованын да артынан далай сөздөр ээрчип жүрөт. Анын адилет жана калыс сот эмес экени кеңири коомчулукта көп талкууга алынган. Не дейбиз, ал дагы бир жолу ошол сөздөр тегин жерден чыкпагандыгын далилдегенсиди.
