Бишкек, “Саясат.kg”. Медакадемиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча чуу-жараян эртең уланат... 

 

Эртең, 13-декабрда Октябрь райондук сотунда И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча сот иши уланат.

 

Биз буга чейин жазгандай, Медакадемиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 2016-жылдын 25-февралында өзүнүн кабинетинде МУККнын Антикоррупциялык кызматынын өкүлдөрүнүн оперативдик иш-чарасынын мезгилинде каза тапкан. Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына караштуу антикоррупциялык кызматтын (мындан ары - АКС) адамдары ошол күнү Медакадемияга барышып, А.Гапаровго карата оперативдик иш-чара өткөзүшкөн. Расмий версия боюнча, маркум Медакадемиянын аймагына күркө коюп берүү үчүн кызыкдар жарандан 30 миң сом пара талап кылган жана алып жаткан жеринен кармалган. Бирок, Медакадемиянын ошол кездеги жетекчилиги да, маркумдун туугандары да бул версияны дароо эле четке кагышкан. Мисалы, андагы ректор Ашыралы Зурдинов сотто көрсөтмө берип, “бизде ижарага бере турган эч кандай жер жок”,- деп айткан. Ал эми маркумдун уулу Адыл Гапаров атасынын паспорту, талап карталары, пенсиялык күбөлүгү, 300 доллары, 10 миң сому ың-жыңсыз жоголгондугун айткан. Маркум андан мурунку күнү айлык акысын алган, андан тышкары карточкасынан да акча чыгарган. Себеби, туугандарынын бири карызга акча сурагандан, ага камдап коюптур. Сейфинде эмгек жамааттын муктаждыктары үчүн чогултулуп турчу каражаттар сакталып турчу экен, андан да дайын жоктугу айтылууда. “АКСтин жетекчилиги жана кызматкерлери жосунсуз жоруктарды атайылап жасашкан. Атамды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу улам-улам каралап, жемкор сыңары сыпаттап, карапайым калктын башын айлантып келишти. Булардын айынан Абдыкерим Гапаров өз кеңсесинде жан соогалап, жалдырап медициналык жардам күтүп, акырында запкыга чыдабастан жүрөгү кармап каза тапты. Дал ошол маалда атамдын бардык буюм-теримдери, а түгүл акчалары дагы дайынсыз жоголгон”.

 

Сотто Абдыкерим Гапаровдун кызыкчылыгын коргоп келе жаткан адвокат Динара Медетова эгер иш мыйзамдуу карала турган болсо, АКСчилер толук кандуу жазасын алаарына ишенет. Бул багытта атайын иликтөө жүргүзүп жатканын да адвокат кошумчалады.

 

АКСчилердин “ал пара алып жаткан жеринен кармалып, ошого чыдабай, жүрөгү кармап өлүп калды”- деген версиясын тастыктаган далилдер келтирилген эмес. Жада калса, Абдыкерим Гапаровду кармоо иш-чарасы учурун чагылдырган видеожазуу да жок болуп чыкты.

 

Абдыкерим Гапаровдун туугандарына ошондуктан, сот иши башталган алгачкы күндөн баштап, басым абдан катуу болуп келди. “Бечара адамды тебелеп кетүү булар үчүн түкүргөндөн да жеңил экен. Балким, соттор да ушулардан корккондуктан, айыпталып жаткан АКСчилерге өтө жеңил жаза чектөө менен кутултуп кетүүнүн аргасын көрүп жатабы (?) деп тынчсызданып жатабыз”,- дешет маркумдун бир туугандары.

 

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал күнү А.Гапаровдун иши боюнча Медакадемияга МУККнын 12 кызматкери барган. Алар бир сааттан ашык убакыт бою Абдыкерим Гапаровду кабинетинен чыгарбай, суракка алышкан. Соттун материалдарында Гапаровдун кыйноого алынгандыгын тастыктаган далил буюм-каражаттары бар экенин адвокаттар айтууда. Бирок, ошого карабастан, аппарат жетекчисинин жүрөгү кармап жыгылганда, ага жардам берүүгө ашыгышкан эмес. Маркумга жада калса дарысын ичкенге уруксат беришкен эместиги сот-медициналык экспертизадан көрүнгөн.

 

Маркумдун туугандары тергөө ишинде материалдарды фальсификациялоо аракеттери аябай катуу жүргөнүн да айтышууда. Учурда Абдыкерим Гапаровду кыйнаган 12 адамдын ичинен үчөөсү гана жоокерчиликке тартылып жатат. Прокурор соттолуучу Замир Суваналиевге 5, Алмаз Мусаев менен Чыңгыз Айманбаевге 3 жылдан абакка кесүүнү соттон суранган. “Бул адилетсиздик, өтө эле жеңил жаза бергени жатышат”,- деп чыйпылыкташууда маркум тараптагылар.

Медакадемиянын юристи Медербек Осмоналиев сотто эч кимди аппарат жетекчинин кабинетине киргизбей, эшик тосуп турган АКСчилерге Гапаровдун жүрөгү оорулуу экенин эскерткенин айткан. Минтип эскертип өтүшүнө Гапаровдун кабинетинен чыккан түшүнүксүз ызы-чуу себеп болгон.

 

Абдыкерим Гапаровдун үстүнөн арызды 1987-жылы туулган Бишкек шаарынын мурдагы  жашоочусу Ипифанов Вячеслав Игоревич жазганы айтылып келет. Бирок, бул жаран 2010-жылы эле Орусияга чыгып кеткен. Ошол жакта жашайт. Абдыкерим Гапаровго карата козголгон иште “Ипифанов жеке ишкердик кылуу үчүн жер сурап кайрылганда, андан пара талап кылган” деп бадырайта жазылуу турат. Бирок, Медакадемиянын расмий жообуна караганда, Ипифанов аларга эч качан жеке ишкердик кылуу үчүн окуу жайдын тегерегинен жер сурап кайрылган эмес.

 

Жалпылап айтканда, Абдыкерим Гапаровду кыйноого алып, азапка салып, өлүмгө кириптер кылышкандыгы - фактылар менен далилденгенин учурда маркумдун жактоочулары билдирүүдө. Бирок, соттун өкүмү ушуга жараша чыгабы? Судья Кымбат Архарова ошондуктан, “жети өлчөп, бир кесип”, адилеттүү, калыс чечим чыгарса, элдин алкышына калат эле. Чынында, кандай өкүм чыгат, аны соттун жыйынтыгынан улам билебиз.