Бишкек, “Саясат.kg”. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча сот иши 13-декабрга жылдырылды.
Медакадемиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 2016-жылдын 25-февралында өзүнүн кабинетинде МУККнын Антикоррупциялык кызматынын өкүлдөрүнүн оперативдик иш-чарасынын мезгилинде каза тапкан.
Коомчулукта абдан чоң резонанс жараткан чуулгандуу окуя боюнча соттук иши алгач Аскер сотунда карала баштап, кийин Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотуна өткөзүлүп берилген. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал күнү А.Гапаровдун иши боюнча Медакадемияга МУККнын 12 кызматкери барган. Алар бир сааттан ашык убакыт бою Абдыкерим Гапаровду кабинетинен чыгарбай, суракка алышкан. Соттун материалдарында Гапаровдун кыйноого алынгандыгын тастыктаган далил буюм-каражаттары бар. Мисалы, А.Гапаровдун көйнөктөрү жыртылганы, стулдардын сынганы, сейфинде жана чөнтөгүндө кармап турган акча каражаттарынын жоголгондугу Гапаровдун бир туугандары тарабынан сотто айтылган. Маркумга дарысын ичкенге уруксат беришпегени, кийин бул иш боюнча күнөөлөнүп жаткан атайын кызматтын адамдары “дарысын ичирдик” дегени менен, экспертиза учурунда канынан ал дарынын чыкпагандыгы билинген. Мисалы, тергөөдө “ичирдик” деп далил катары булар көрсөткөн дарыны маркум мурда такыр колдонбогону, аны жакын жердеги аптекадан эле ала коюп кошуп койгондой таасир калтырат. Кыскасы, тергөө ишине кийлигишүү, материалдарды фальсификациялоо аракеттери болгону сотто бир эмес, эчен ирет кайталанып айтылып келген.
Эскерте кетүүчү нерсе, айыпталуучу катары жоопкерчиликке ошол 12 адамдын ичинен үчөөсү гана тартылып жатат. Маркумдун уулу Адыл Гапаровдун айтымында, мурунку соттук олтурумда мамлекеттик айыптоочу соттолуучу Замир Суваналиевге 5, Алмаз Мусаев менен Чыңгыз Айманбаевге 3 жылдан абакка кесүүнү соттон суранган.
Медакадемияга, Абдыкерим Гапаровдун бир туугандарынын айтымында, антикоррупциялык кызматтын өкүлдөрү таптакыр башка иш менен барышкан. Маркумдун 30 миң сом пара талап кылып кармалгандыгы тууралуу версияны алар кийин, иш чатагына айлынып кеткенден кийин ойлоп табышкан. Буга А.Гапаровду кармоо иш-чарасы учурун чагылдырган видеожазуунун жоктугу таасын далил болуп турат. Анткени, мындай иш-чаралар ар дайым видеого түшүрүлөрүн көрүп эле жүрбөйбүзбү. Тергөөдө АКСчилер видеожазуу учурунда кнопка басылбай калганын айтышкан, бул жаш баланын сөзү эмеспи. Айтор, сотто Абдыкерим Гапаровдун пара талап кылганы боюнча жетиштүү далил жоктугу билинди. Медакадемиянын ошол кездеги ректору Ашырали Зурдинов да муну тастыктаган көрсөтмө берип, “бизде ижарага бере турган эч кандай жер жок болсо, кайдагы параны айтып атасыңар?”- деген. Ал эми “менден пара талап кылды”- деген адамды кийин таба коюшканын да сотто Гапаровдун бир туугандары божомол иретинде көп айтышты.
Ишти Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова карап жатат. 13-декабрда бул судья өкүм чыгарышы керек. Ал өкүмдон судьянын канчалык деңгээлде чынчыл экендиги билинет. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков адилетсиз көрүнүштөргө чыдай албастыгын эл менен жолугушууларында такай кайталап жүрөт. “Болбосо, жаңы ажого даттанабыз, себеби, атайын кызматтын күнөөсү бар кызматкерлери бизде коркута берип, жаныбызды алып бүткөнү калышты”,- дешет алар.