Бир түрмөдөн экинчисине которуу адатта көп суммадагы акчаны талап кылат.

 

Өмүрбек Бабанов  2017-жылы жаз алды менен Араб эмиратындагы Өзбекстандын крим аталыктары болгон Салим Абдувалиев (Салим байбача) жана  Гафур Рахимов менен жолугуп келгенин азыр ачык айткысы келбейт.

 

Кримчөйрөдө кадыр-барктуу бул адамдар ири бизнесмендердин катарына кирет. Кыргызстандагы өзбек диаспорасына болгон таасирлери абдан күчтүү. Бабанов шайлоо учурунда өзбек диаспорасынын добушун алуу максатында ысымы аталган кримавторитет-олигархтарга барып учурашып, алардын “батасын” алып келгендигин партиялаштары мактанып айтып жүрүшөт. Казакстандын президентине, Өзбекстандын криматалыктарына барып “бата алдым” деп маашырланган Өмүке өз элинен бата алуунун анча зарылдыгы жок деп жүрөт окшойт? Айтор Бабанов карапайым кыргызстандыктарга ишенбей, аларга сөзү өтөт деген ой менен кримдүйнөнүн аталыктарына жалдырап калганына жол болсун демекчибиз.

 

Бул го сырттагы “жоортуулуу экен. Кыргызстанда шайлоо өнөктүгүнө криминалдык чөйрө да катышаары бештен белгилүү болуп калды. Баарын байкаган баамчыл Ѳмүрбек Бабанов бу максатта Нарын шаарындагы №4 СИЗОдо камалып жаткан уюшкан кылмыш топтун лидерлеринин бири Улан Токтосуновду (каймана аты “Сакал”) Чүй аймагындагы атайын мекемеге которууга аракет кылып жатканы каңкууланууда.

 

Бир түрмөдөн экинчисине которуу адатта көп суммадагы акчаны талап кылат. Андай акча маселесин Өмүрбек мырза өзү чечет экен. Болгону “эптеп котортуп  алсам, шайлоо алдында кылмыш дүйнөсүнүн добуш топтоодо үлкөн жардамы тиймек эле” деп алаканын ушалап туру дейт. Карапайым элдин добушуна ишенбей, криминал дүйнөгө таянып калганына караганда Бабановдун аргасы куруп калса керек.  Айтор “Өмүрбек  өзүнө  ишенбей калган окшойт” деп өзүнүн эле штабындагылар күбүр-шыбыр сөз кыла баштаганы.

 

Эл.дарек аркылуу келген маалымат