Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайты жазып чыкты.


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайты жазып чыкты. Анда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаарында өзбек улутундагы Кыргызстандын жарандарынын алдында сүйлөгөн сөзү жана интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган видеолор боюнча материалдар УКМКга өткөрүлгөнү белгиленген.

 

Маалыматка караганда, материалдарды Ош шаардык прокуратурасы чогултуп, УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгына экспертиза дайындоо менен текшерүү жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү укуктук баа берилери айтылган.

 

Маалыматта Башкы прокуратуранын 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүүдө мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча штабы үгүт өнөктүгү маалында чыккан маалыматтарга ыкчам жооп кайтарып жатканы да жазылган.

 

28-сентябрда Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында Оштун Амир-Темир (Он-Адыр) кичи районунун тургундары менен жолуккан. Анын ошол жолугушууда айткандары кыргыз-өзбек элинин ортосунда улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер интернетте тараган.

 

Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы анын Ошто сүйлөгөндөрүн кимдир бирөөлөр монтаждап, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп эсептейт. Ошондой эле “соңку кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында Бабановго карата "кара пиар" күчөгөнүн”, “аны Кыргызстандын өзбек улутундагы жарандарын кагылышка чакырды деп айыптаган жалган видео тараганын" айтып чыкты.

 

Бабановдун штабы буга байланыштуу тартип коргоо органдарына арыз жолдонорун, “видеону монтаждап, жайылткан адамдар улут аралык кастыкты козутканы үчүн жоопко тартылышы керектигин” маалымдады.

 

Бүгүн Бабановдун Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы штабдарынын алдында талапкерге каршы акциялар өттү. Анын катышуучулары Бабановдун Он-Адыр кичи районунда сүйлөгөн сөзүнө нааразылык билдиришти. 

 

Булак: "Азаттык"