Мына сага террор!

 

Дүйнөнү террор коркунучу каптап турганын тана албайбыз. Анын желаргысы Ала-Тоо койнунда да жүрүүдө. Албетте, мындай коркунучтун алдын алуу зарыл. Ага тиешелүү иштер аткарылып жатат.

 

Мисалы, кечээ, 2017-жылдын 29-августунда КР УКМК жашыруун террористтик ишмердикти ачыктоо, алдын-алуу жана жок кылуу, өлкөдө теракт, дестабилизацияга жол бербөө боюнча жүргүзгөн иш-чаранын учурунда террористтик  топтун куралчан мүчөлөрү жок кылынды. Эскерте кетсек, 23-август күнү Патрулдук милициянын кызматкерлери токтоткон автоунаада пистолет жана граната менен куралданган адамдар аларга каршылык көрсөтүп качып кеткен. Ошол күндөн тарта издөө иш чаралары жүрүп, террорчулардын жайгашкан жери аныкталган. Чүй облусунун Жайыл районундагы атайын операциянын жүрүшүндө кылмышкерлер курчалып, алардын колго түшүп берүүсү талап кылынган. УКМКнын кызматкерлеринин талабын аткарбастан, алар ок чыгарышкан. УКМКнын аскерлери жооп катары ок чыгарып, Т.И. Жана К.Д. аттуу боевиктер жок кылынган.  Эл аралык террористтик уюмдун дагы бир мүчөсү Ж. у. Ж. колго түшкөн. Террористтик топ колго жасалган жарылуу зат, курал-жарактар менен Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында киши көп топтолгон жерлерде чабуул уюштурууну пландап жатышкан.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №33, 30-август 2017-ж