Гоголь жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде Назира аттуу аял арыз ээсин алдап, анын үч айлык кызын К.А. аттуу аялга 10 миң сомго сатып жиберген

 

“Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала” демекчи, бүгүнкү биздин оомал-төкмөл заманда өзүнүн канынан жаралган наристесин көчөгө таштап койгон же бирөөгө саткан мыкаачылар да көбөйүүдө. Бирок бул ирет бирөөнүн баласын ортомчулук кылып, башка бирөөгө сатып жиберген окуя катталды. 12-майда Бишкектин Гоголь жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен Назира аттуу аял үч айлык ымыркайды алдамчылык жолу менен К.А. аттуу аялга 10 миң сомго сатып жибергендиги тууралуу суук кабар уккан адамдын денесин дүркүрөткөн болчу.

 

Алгач Свердлов райондук ИИБине Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну кайрылып, чала тааныш 28-30 жаштардагы Назира аттуу аялга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Маалыматта 12-майда Гоголь жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде Назира аттуу аял арыз ээсин алдап, анын үч айлык кызын К.А. аттуу аялга 10 миң сомго сатып жибергени айтылат. “Аталган факты боюнча Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары үч жаран кармалган”,- деп билдирди шаардык ИИБден.

 

Колго түшүрүлгөндөрдүн ичинен Ысык-Көл облусунун 40 жаштагы жана 35 жаштагы тургундары ымыркайды сатууга ортомчулук кылышкан. Ошондой эле наристени 10 миң сомго сатып алган Чүй облусунун 26 жаштагы тургуну болуп чыккан. Кармалган аялдар Свердлов РИИБине өткөрүп берилген. Үч айлык ымыркай Бишкек шаарындагы балдардын атайын үйүнө соттун чечими чыкканга чейин берилди.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити