Бул туурасында ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. 


Базар-Коргон районуна караштуу Жаңы-Хаят участкасында болгон жер көчкүнүн кесепетинен 2 киши каза тапты. Маалыматка ылайык, көчкү алдында калып куткарылган калган эки киши учурда оор абалда ооруканада.


ӨКМ берген маалыматка ылайык, жер көчкү кечээ, 23-апрелде, болжол менен 17:15 чамасында болгон. Көчкү алдында калган кишилердин денеси 18:40 чамасында куткаруучулар тарабынан табылган. Бир тургун жеринде көз жумган, бирөө ооруканага жетпей каза тапкан.


Болжолдуу маалыматтарга ылайык, көчкүнүн көлөмү 300 кубометрди түзөт. Аталган аймакка көчкү боюнча 10 күн мурда эскертүү берилген.


Булак: "Марал"