Бишкек, “Саясат.kg”. ЖК депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевге коррупциялык иш-аракеттерди кылгандыгы үчүн акыркы айыбы угузулду. Бул тууралуу МУККдан маалымдашты.

 

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы кабарлагандай, бүгүн, 21-апрелде, жыйналган материалдардын негизинде Жогорку Кенештин депутаты Ө.Текебаевге жана экс-Өзгөчө кырдаалдар министри Д.Чотоновго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (“коррупция”) боюнча кылмыш кылгандыгы үчүн акыркы айыбы угузулду.

 

Эске салсак, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаевге жана башка адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-б 1-бөл. (“коррупция”) жана 166-б 4-бөл. 2-жана 3-пунктунда (“алдамчылык”) камтылган белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү КР МУКК Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

 

2017-жылдын 26-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында Ө.Текебаев менен Д.Чотонов камакка алынган.

 

2017-жылдын 27-февралында Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүнө (“коррупция”) ылайык айыбы угузулуп, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун токтомуна ылайык 2017-жылдын 25-апрелине чейин КР МУКК тергөө камак жайына камоо тууралуу баш коргоо чарасын аныкталган.