Көрсө, алар шектүү үч адамдарды гестаподой уруп-сабап, 19 миң уурдалган акчаны моюнга коюуга аракет кылышкан экен.

 

Акыркы кезде коомчулук укук коргоо органдарынын кызматкерлерин бандиттерден коргоочу эмес, тескерисинче кордоочу орган катары көрүп калышкандыгы турмуш чындыгына айланууда. Мисалы, кышында Бишкектин кафелеринин биринде бир өспүрүмдү өтө мас болгон эки “мент” жаагын сындыра сабаса, андан кийин отставкадагы милиционер пенсионер аялды чак түштө үйүндө башына атып, акчасын тоноп кеткен эле. Ал эми 6-апрелде Москва райондук соту Беловодск айылында 6 үч милиция кызматкерин кыйноо боюнча айыптап, камакка алуу чечимин чыгарды. Көрсө, алар шектүү үч адамдарды гестаподой уруп-сабап, 19 миң уурдалган акчаны моюнга коюуга аракет кылышкан экен.

 

Жабырлануучулардын бири башына, денесинин ар кайсы жерлерине урушкандыгын айтып берген. Анын айтуусунда, милиционерлер  башына желим баштык кийгизип урушкандыктан, улам улам акыл-эсин жоготуп койгон. Мындан тышкары каршылык көрсөтпөшү үчүн милиционерлер үстүнө стулду коюшуп, ушул стул менен колдоруна да урушкан. Бирок жабырлануучулардын биринин эки жыл боюу коркпой күрөшүүсүнүн натыйжасында гана милиция формасындагы кылмышкерлер жоопко тартылып жатат. Бул жана жогорудагы фактылар ИИМде өздүк курамдын тартиби менен кызматтык милдетин унутуп койгондугун далилдеп жаткан жокпу?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (291), 12.04.2017-ж.