Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун аппеляциялык арызы каралды.

 

Бүгүн Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун С.Жапаровду тергөө бүткөнчө камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

 

Абактагы оппозиционерди колдоп 60тай адам митингге чогулган.

 

С.Жапаровдун адвокаттары бул чечимге карата Жогорку Сотко даттануу жазышарын билдиришти.