Милиция кызматкерлери мекемени курчоого алып, коопсуздукту көзөмөлдөөдө.


Бүгүн, Бишкек шаардык соту экс депутат Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын карайт. 

 

Учурда соттун имаратынын алдында, Жапаровдун тарапташтары аны үй камагына чыгарууну талап кылып, тынчтык митинг өткөрүп жатышат.

 

 Милиция кызматкерлери да мекемени курчоого алып, коопсуздукту көзөмөлдөөдө.

 

Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргызстанга киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал «Бейбаштык», «бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү», «барымтага алуу» жана башка беренелер боюнча айыпталып жатат. 

 

26-мартта Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 

 

Кийин өзүнө кол салып, 47 коллонияга которулган.

 

Булак: "Марал"