...азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн тендерге катышуучудан “сыйлык” катары 87 миң сом талап кылгандыгы аныкталды

 

Коррупция, жакырчылык, жумушсуздук жана башка тескери көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлеген өлкөбүздүн узун-туурасынан арам акчага малынган мамлекеттик мекемелеринин катарында абак жайлар да бар экендиги жашыруун эмес болчу. Бирок мындай шек саноо имиш түрүндө гана айтылып, колунан кармап алган далилдер жок болчу. Ким билет, бийлик чындап эле коррупцияга каршы күрөшүүнү колго алдыбы же саясый оппоненттерди камап бүтүп, кезек башкаларга да келдиби, айтор, 29-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкектеги СИЗО-1 мекемесинин начальнигинин орун басары, ички иштер кызматынын подполковниги Э. Ш. пара алып жаткан учурда кармалды. Бул чиновник СИЗО-1ди азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн тендерге катышуучудан “сыйлык” катары 87 миң сом талап кылгандыгы аныкталды. Ошол замат абак жайдын ачендиги УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Эми бул өлкөбүздүн башкы тергөө абагындагы тамыры терең жайылган пара менен коррупциянын бир чети эле болсо керек. Анткени ар бир тергөөдөгү адамга азык-түлүк же башка муктаждыктарды киргизүү үчүн сөзсүз ал мекеменин жөнөкөй кызматкеринен тартып, начальнигине чейин “кол акысын” беришет эмеспи. Андыктан УКМК ушул жагын да эске алса жакшы болмок.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: