Бишкек, “Саясат.kg”. Ош шаарынын милициясы Сирия мамлекетинде “Джебхат ан-Нусра” тобунда 3 ай жүрүп келген жаранды кармады.

 

Ош ШИИБнин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, ал жаран Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну болгон. Кармалган адамдын айтуусунда, буга чейин Орусия Федерациясынын Оренбург шаарында автоунаа алып-сатуу менен алектенип жүргѳн.  Чечен улутундагы эки бала алдап жѳнѳтүп жиберишкен.

 

“Оренбургда жүргѳн учурда эки чечен бала менен тааныштым. Ал мага Ислам дини тууралуу кѳп нерселерди айтып, видеолорду, сүрѳттѳрдү интернеттен жѳнѳттү. Сирияда мусулмандарга жардам берүү керектигин кѳп айтчу. Анан жолугуштук. Мени барууга тынбай үндѳп жатты. Анан мен акыры барууну чечтим. Билетти чечендер алып беришти. Айтканындай эле мени аэропорттон бир түрк киши тосуп алып, чек арадан Сирияга ѳткѳрүүгѳ жардам берди. Мен 2 ай машыгуучу лагерде болдум. Куранды, Ислам ибадаттарын, курал атууну, күрѳшүү, мушташуу ыкмаларын үйрѳттү. Эки айдан соң мени “Ганибат” деген топко кошушту. Ал топтун максаты - бай адамдардын байлыктарын тоноо жана ѳзүбүздүн командирлерибизге Ислам мамлекети үчүн берүү болчу. Ушундай максатта машыгып бүткѳн соң мени дагы эки шеригим менен Түркияга жѳнѳтүштү. Туркияга келгенде полицияларга колго түшүп калдым. Алар мени Кыргызстанга депортация кылып жиберишти”,- дейт ал милицияга берген көрсөтмөсүндө.

 

Анын айтуусуна караганда, ѳзү машыкан лагерде 10го жакын кыргызстандыктар болгон.

 

“Алгачкы иликтѳѳ иштери аяктаган соң бул жигит улуттук коопсуздук комитетине ѳткѳрүлүп берилет, көрсөтмөлөрү текшерилет”,-деди З.Сыдыков.