Баш "ата-мекенчи" УКМКнын тергөө абагында 2017-жылдын 25-апрелине чейин кармалат.

 

Бүгүн, 29-мартта, Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочусунун көзөмөл даттануусун карады. Арыздануунун 5 күндүк мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жана КР Жазык процессуалдык кодексинин 375-беренесинин талаптары сакталбагандыктан, соттук коллегия көзөмөл өндүрүштү кыскартты.

 

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 27-февралындагы токтому менен, УКМКнын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылып, О.Текебаевдин кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

 

Анын баш коргоо чарасы УКМКнын тергөө абагында 2017-жылдын 25-апрелине чейин камакта кармоо түрү тандалган.

 

2017-жылдын 9-мартында Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы өзүнүн аныктамасы менен, Биринчи май райондук сотунун токтомун күчүндө калтырган.

 

Текебаевдин жактоочусунун кассациялык арызы канааттандыруусуз калтырылган.

 

Булак: "Марал"