Бийликтегилердин канчалык пейли бузулуп, тынч митингге чыккан карапайым элди уруп-сабап, камаган сайын өлкөбүздө табигый кырсыктар да көбөйүүдө.

 

Бийликтегилердин канчалык пейли бузулуп, тынч митингге чыккан карапайым элди уруп-сабап, камаган сайын өлкөбүздө табигый кырсыктар да көбөйүүдө. Алардын бири 28-марттын түнүндө саат 00:55 чамасында Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында болду. Транспорт жана жолдор министрлигинин “Тойота Пикап” үлгүсүндөгү унаасы Бишкек-Ош жолунун 255-чакырымында (Токтогул району, Чычкан капчыгайы) болгон кар көчкүнүн алдында калып, министрликтин 4 кызматкери каза болду. Мындан тышкары көчкүнүн алдында калган “Лексус” үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1 эркек адам жана 2 аял куткарылды. Алар жабыр тартышкан эмес. Мындан тышкары саат 02:30 чамасында куткаруучулар тарабынан “Субару Легаси” унаасы көчкүнүн алдынан чыгарылып, ичиндеги 1 аял менен 2 эркек адам куткарылды. Жалпы 6 адам аман-эсен куткарылды. Албетте, табияттын кырсыгына дабаа жок. Бирок бийлик, тийешелүү министрликтер алдын ала мониторинг жүргүзүп, жер жана кар көчкүлөр болорун эскертсе жана түнкүсүн жолду тосуп койсо, ушунча жолдо бараткан адамдар бөөдө өлүмгө учурабайт беле? Сыягы, азыркылар мындай мониторинг жүргүзгөндү да билбей же көңүл бурбай жатат окшойт? Деги бийлик болбосо да, эл бир түлөө өткөрбөсөк болбой калды окшойт. Сыягы, табият да каарын салып тургандай...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж