Бишкек, “Саясат.kg”. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (МУКК) 2010-жылдын апрель окуялары учурундагы талап-тоноочулук иштери боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

 

Эске салсак, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (МУКК) 2010-жылдын апрель окуялары учурундагы талап-тоноочулук иштери боюнча кылмыш ишин иликтөөнү өз колуна алган. КР Кылмыш кодексинин “тоноо”, “мүлктү атайылап жок кылуу же талкалоо”, “имараттарды басып алуу”. “баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүү”, “курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды уурдоо” ж.б. беренелеринин алкагында тергөө жүрүүдө.

 

Анын жүрүшүндө 2010-жылдын 7синен 10-апрелге чейин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына тийешелүү офистик имараттарды, турак-жайларды талап-тоноолор “Ата Мекен” фракциясынын экс-депутаты Райкан Төлөгөнов башында турган топ тарабынан жасалганы аныкталган. Муну тергөөгө ошол кылмыштарга катышкан адамдар да айтып беришкен.

 

Кечээ, 28-мартта Райкан Төлөгөновго Кылмыш кодексинин “талап-тоноолорду уюштуруу”, “мүлктү атайылап жок кылуу же талкалоо”, “курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды уурдоо” беренелери боюнча айып тагылып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганча камакка алынды.