Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Түндө Бишкек-Ош жолунда «Тойота Пикап» автоунаасы менен кар көчкү алдында калган 4 киши каза болду. Кар көчкү унаа жолун 255-чакырымында болгон.
Куткаруучулар андан кийин дагы эки унааны»Лексус» жана “Субару-легаси” үлгүсүндөгү унааларды кар көчкү алдынан табышкан. Аларда бара жаткан 6 адам аман-эсен куткарылып алынды.
Учурда унаа жолго түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштерине 5 куткаруучу тартылды.
Кечээ, 27-мартта Бишкек Ош унаа жолунун көп жерине кар көчкүлөр түшкөндүктөн эки тарабынан тең жабылган болчу.
Булак: "Марал"