Бул тууралуу Акыйткатчынын басма сөз кызматы билдирди.


Экс-омбудсмен Турсунбек Акун 25-мартта Бишкекте УКМКнын алдында милициянын курчоосун жарып өтүүгө аракет кылган Садыр Жапаровдун тарапташтарын колдоого алганы үчүн коомдук жумуштарга чегерилип, айып пул салынды. 
Эске сала кетсек, 25-мартта УКМК имараты алдындагы башаламандыкта 5 милиция кызматкери жабыркаган. Мамлекеттик мүлккө да зыян келтирилип, автобустардын эшик-терезелери талкаланган. Бул кылмыштарды жасоого шектелип, митингдин 12 активдүү катышуучусу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Убактылуу кармоо жайында камалып турат.

 

УКМК маалымдаган боюнча, Садыр Жапаров акыркы убакта Кипрде жашаган. Аны 25-мартта Кыргызстанга кире берерде кармашып, атайын кызмат суракка алуу үчүн УКМКга алып келген. Жапаровду 2013-жылы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча кылмыш иши боюнча суракка алышкан. Ал учурда Садыр Жапаровдун жактоочулары экс-депутатты бошотууну талап кылып, эки жолу милициянын катарын жарып өтүүгө аракет кылышкан.

 

Милиция митингди кууп таркаткан, анда 105 киши кармалган.

 

Булак: "Марал"