Бул маалыматты ИИМ тастыктады.


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун уулуна жана ага-инилерине Кылмыш-жаза кодексинин 3 беренеси боюнча  кылмыш-иши козголду. Учурда алар Убактылуу кармоо жайында кармалып турат. 

 

Эске сала кетсек, 25-мартта УКМК имараты алдындагы башаламандыкта 5 милиция кызматкери жабыркаган. Мамлекеттик мүлккө да зыян келтирилип, автобустардын эшик-терезелери талкаланган. Бул кылмыштарды жасоого шектелип, митингдин 12 активдүү катышуучусу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Убактылуу кармоо жайында камалып турат.

 

Мындан тышкары 12 катышуучуга ээнбаштык, мүлккө зыян келтирүү, бийлик өкүлдөрүнө каршы кол көтөрүү көрсөтүү боюнча кылмыш иши козголду. Жалпы кармалгандардан 64 киши 2 суткадан 5 суткага чейин камакка алынып, 12 кишиге айып пул салынды. Эки катышуучуга эскертүү берилсе, калган катышуучуларга профилактикалык иштер жүргүзүлгөн.

 

Булак_ "Марал"