Бишкек, “Саясат.kg”. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун адам колдуу болуп ѳлтүрүлүшү тууралуу иликтѳѳнүн жүрүшү боюнча кошумча тѳмѳнкүлѳрдү билдирет:


Мурда маалымдагандай, бул кылмышка шектүү катары тѳрт адам кармалган эле. Алардын ичинен үй-бүлѳ башчысы гана, 1972-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Д.Ш. учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Бул ѳзгѳчѳ оор кылмышка негизги шектүү катары кармалган Д.Ш ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ бул кылмышка ѳзү гана баргандыгын, ѳзүнүн жубайын кызгангандыктан ушундай болгондугун айтып, ѳз адвокатынын катышуусу менен жүргүзүлгѳн суракта күнѳѳсүн моюнуна алды.


Анын кѳрсѳтмѳсүнѳ ылайык, маркум Таирбек Умаров анын аялы иштеген кичи дүкѳнгѳ кѳп келип, активдүү кардарынан болгон (Таирбек Уларовдун иштеген мекемеси жакын жерде жайгашкан). Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ тѳмѳнкүлѳрдү билдирди: «21-март күнү айылыбызда сүмѳлѳк кайнатылып, коңшулар менен отурганбыз. Анан аялымын телефонуна Таирбек чалып, аны чакырды. «Эмне үчүн чакырып жатат?» деп сурасам, аялым «Карызын берет экен» деди. Артынан 20 минутадан кийин барсам, экѳѳ сүйлѳшүп турушуптур. Мен азыраак ичимдик ичкен элем. Таирбек кызуу болчу. Экѳѳбүз айтышып кеттик. Анан ал «эркекче сүйлѳшѳлү» деди. Экѳѳбүз Учар тарапка, канал боюна бардык. Ал дагы намысыма тийген ачуу сѳздѳрдү айтты.

 

Мен ачуумду токтото албай, аны колумдагы балдак менен башка бир чаап жибердим. Футбол ойноп, бутумду кокустатып алгандыктан, убактылуу балдак таянып жүргѳм. Ал отура калды…Мен коркуп кетип, колума тийген миздүү таш менен дагы бир нече ирет башка чаап жибердим. Ал жыгылып калды. Бирок, сѳгүнүп жаткан. Мен аны арткы орундукка чалкасынан жаткырып, автомашинасынын ключун зажиганиеден сууруп алдым да, чип менен эшиктерди жаптым. Анан кан болгон ташты жана автомашинанын ачкычын сууга ыргытып жиберип, ѳзүмдүн машинамды айдап, сүмѳлѳк болуп жаткан жерге келдим. Туугандарыма болсо «Таирбек үйүнѳ кетти» деп койгонмун. Окуя кызганычтан, кызуу кандуулукка алдыргандан болду, ѳлтүргүм келген эмес эле» деген кѳрсѳтмѳсүн берди. 


Кылмышка шектүү Д.Ш.нын бул кѳрсѳтмѳсү дагы терең иликтенет, анын бул кылмышка ѳзүнүн гана катыштыгы болгондугу текшерилет.


Маалым болгондой, кылмышка шектүү адам маркумдун оор жаратына карабастан жардам кѳрсѳтүүгѳ ашыккан эмес. Ал мурда, 2008-жылы соттолгондугу жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан издѳѳдѳ жүргѳндүгү аныкталды. Эч жерде иштебейт.


Бул ѳзгѳчѳ оор кылмыштын бети Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин тынымсыз жүргүзгѳн оперативдүү иликтѳѳ, издѳѳ иштеринин натыйжасында, изи сууй электе 24-мартта ачылды.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы 
27-март, 2017-жыл.