Бишкек, “Саясат.kg”. Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы тарабынан телефондук террорчу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу МУККнын басма сөз борбору кабарлады.

 

17-мартта саат 02.10до “102” кызматына “Метро паб” барында бомба коюлганы тууралуу анонимдүү телефондук чалуу түшкөн. Аталган көңүл ачуу мекемесине шашылыш түрдө МУККнын жана ИИМдин кызматкерлери барышып, аны бүт тинтип, эч кандай бомба таба алышкан эмес.

 

МУКК тарабынан жүргүзүлгөн оперативдик-изилдөө иштеринин натыйжасында бул жалган маалыматты телефондон айткан Аксынын тургуну, 1997-жылы туулган Нурбек уулу Нурсеит кармалган.

 

Көрсө, жигит жөн гана ээнбаштык кылган экен. Ушундай жол менен көңүл ачууну самаптыр.

 

Учурда ага карата кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө.