Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылында короого жыйылган 4 тонна тоют чөп күйүп кетти. Окуя кечээ, 6-марттың түнүндө болгон.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн алдын ала маалыматы боюнча бул кырсык тамеки тартуудагы этиятсыздыктын айынан келип чыккан.
Учурда өрт кырсыгы келтирген зыяндын көлөмү эсептелүүдө.
Булак: "Марал"