Бишкек-Торугарт жолун сапатсыз куруп, аягына чыкпаган компания кайрадан Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүгө жарыяланган тендерге катышып жатат

 

Жакында, Токтогул ГЭСин кайра калыбына келтирүү, оңдоо иштери боюнча тендер жарыяланып, ага бир катар ишканалар катышууда. Алардын арасында, 2014-жылы  Бишкек-Нарын-Торугарт жолун куруу боюнча тендерден утуп чыккан «Sinohydro corporation limited”  компаниясы эми, “HydroChina Corporation» жана «Sinohydro corporation limited” деп эки аталыш менен катышып жатат.

 

Аталган компания бир эле ишкана экенине карабай эки башка ишкана катары тендерге катышып жатат. Эми, аталган компанияга токтоло турган болсок, жол курууда булар аябай чоң алашемдик кылган. Курган жолдору сапатсыз жана пландалган учурда жолду куруп бүтүрүшкөн эмес. Ушул күнгө чейин жол аягына чыга элек. Алар, тендерге катышып жаткандагы жолду эксплуатациялоо мөөнөтүндө өткөрүү тапшырманы аткарган жок. Мейли, убактысы кечигип жатат дейли, курган жолдору артынан кайра бузулуп, аны оңдоого каражаты жоктугуна байланыштуу жолго бөлүнгөн каражаттар текке кеткен.

 

Кыргызстандын тышкы карызы 2010-жылдан кийин 2 млрд долларга жетсе, анын баары жол курууга жумшалган. Эми, мамлекет сырттан карыз алып курган жолдор дагы сапатсыз, аз убакыт өтпөй кайра бузулуп ремонт кылууга муктаж болуп жатканы кимдин күнөөсү? Жолду сапатсыз курган Кытайлык «Sinohydro corporation limited” компаниясынын күнөөсүбү же алардын сапатсыз экенине карабай мамлекет бюджетинен каражат бөлүп, көзөмөлгө албаган Транспорт министрлиги, кыргыз бийлиги күнөөлүбү?

 

Мындай сапатсыз иши менен таанылган «Sinohydro corporation limited” компаниясы Токтогул ГЭСине кайра оңдоо иштерине дагы бир “HydroChina Corporation» аталышты алып катышып жатканы коопту эмеспи? Алардын курган жолу аягына чыга электе артынан бузулуп жатканы, эртең Токтогул ГЭСине жарыяланган тендерде балким утуп чыкса, ушундай эле абалды кайталабайт деп ким кепилдик берет?

 

Же, бул сапатсыз “Sinohydro corporation limited» компаниясынын артында коррупциялык схемаларга аралашкан кайсы бир чиновник бар болушу мүмкүнбү? Муну тийиштүү органдар, бийлик бутактары эске алып, текшерүүгө алышы керек.