Бишкек, “Саясат.kg”. Коомдук активист Мавлян Аскарбеков КР УКМК тарабынан кармалган
Белгилүү коомдук активист Мавлян Аскарбековдун кармалганын кечээ жубайы тастыктаган. Анын кармалышы боюнча КР УКМК тарабынан расмий маалымат бериле элек.
Бирок, бир нече күндөн бери соцтармактарда Мавлян Аскарбековду “эл душманы” катары айыптаган посттор чыга баштаган. Ал өзү да белгисиз адамдар тарабынан чагымчыл маанайдагы материалдар таркатыла баштаганын айткан.
Аскарбековдун баш коргоо чарасы бүгүн сотто каралары айтылууда.