Бишкек, "Саясат.kg". Төрт жер тилкесин бөлүп берүү үчүн жаран М.Д.дан 2 миллион сом алгандыгы аныкталган.

Возможно, это изображение ‎текст "‎Kblprbl3 Pecny6лиKacblHblH yKMKHblH Ow waapbl жaHa Ow o6лacTbl 6oюH4a 6awKbl 6awKapmaлblKTblH Teproe a6arbl 210 200 190 210 180 200 190 170 180 160 150 170 140 160 150 150 130 120 120 140 130 حوب y. نا. 28.09 28.09.1987r. 1987 n20944yл.KP ראע ΚP 44 YA.KP‎"‎

Архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы жер тилкелерине байланыштуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы  У.Б. тарабынан уюштурулган жер участокторун жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, 2021-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы адиси катары У.Б. Өзгөн районунун Баш-Дебе айыл өкмөтүнөн ар бири 700 чарчы метр болгон төрт жер тилкесин бөлүп берүү үчүн жаран М.Д.дан 2 миллион сом алгандыгы аныкталган. У.Б. бардык зарыл болгон жол-жоболорду расмий эмес түрдө аткарууга убада берип, кийинчерээк мамлекеттик акттарды түзүү жана жер тилкелерин каттоо үчүн кошумча 200 000 сом алган.

Кийинчерээк, өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясат активдүү ишке ашырыла баштагандыктан жана бул жаатта КР УКМКнын иши күчөтүлгөндүктөн, У.Б. өзүнө көз каранды болбогон жагдайлардан улам өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыра алган эмес.

Бул жагдайларды эске алуу менен, У.Б. белгиленген жер тилкелерин жеке менчикке М.Д. аттуу жаранга  өткөрүп бере алган эмес жана алынган 2,2 миллион сомду жеке муктаждыктарына жумшаган.

2026-жылдын 4-февралында У.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (кызмат абалын алдамчылык менен  пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, башка тиешелүү адамдарды жана ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.