0,24 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикти коргоо, социалдык объекттерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө жол бербөө жана коомдук кызыкчылыктарды камсыз кылуу багытында прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан ырааттуу жана принципиалдуу иш-аракеттер тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Алсак, Ош областынын Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Савай айыл өкмөтүндө жайгашкан мурдагы балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна тийиштүү 0,24 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында базар баасы 15,6 млн сомду түзгөн 0,24 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.