Бишкек, "Саясат.kg". Жалпы аянты 37,78 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги аныкталды.

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1996–2006-жылдар аралыгында Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан жана Чолпон айыл аймактарындагы жалпы аянты 37,78 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги аныкталды.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 80 млн 300 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.