Бишкек, "Саясат.kg". УКМК учурда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамдын талаптарын бузууларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунда светтик мамлекеттердин мамлекеттик саясатына каршы чыгып, шарият мыйзамдарын активдүү колдогон чет элдик "Фуркан" диний кыймылынын жолдоочулары тарабынан уюштурулган мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүктү (даават) токтотту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында 20 жаран, анын ичинде алты чет элдик жаран кармалган. "Фуркан" диний кыймылынын өкүлдөрү өз идеологиясын жайылтуу жана Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында уячаларды түзүү үчүн зарыл болгон диний иш-чараларды андан ары уюштуруу үчүн Жалал-Абад облусун пилоттук жай катары тандап алгандыгы аныкталды. Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний коомдук бирикмелердин потенциалдуу уячаларынын бирин түзүүгө жол бербөө боюнча өз убагында чаралар көрүлдү.

Мыйзамсыз миссионердик ишти уюштуруучуларга жана катышуучуларга карата административдик айыптар салынып, "дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарын андан ары сактоого тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК учурда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамдын талаптарын бузууларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

УКМК жарандарды мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүк үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө эскертет.