Бишкек, "Саясат.kg". Шектүүлөр сейфте ири суммадагы акча бар деп ойлошкон, бирок акчанын негизги бөлүгү банкта сакталгандыгы белгилүү болду.
Чүй облусунда каракчылыкка шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 25-январында Ысык-Ата райондук милициясына 1946-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 24-январдан 25-январга караган түнү саат 00:30 чамасында белгисиз адамдар Котовский айылындагы үйүнө кирип, ага каракчылык кол салуу жасашкан.
Кол салгандар жабырлануучуга күч колдонуп, денесине жаракат келтиришкен жана колу-бутун байлап салышкан. Андан соң үйдөгү сейфтен 165 миң сом акча каражатын жана «Samsung» үлгүсүндөгү уюлдук телефонду алып, окуя болгон жерден качып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Б.М., 1995-жылы туулган Ж.А. жана 1978-жылы туулган Р.М. аттуу жарандар аныкталып, кармалды. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө каракчылыкты уюштурган адам жабырлануучунун мурдагы жубайынын тууганы экени аныкталды. Учурда жабырлануучу менен мурдагы жубайы расмий түрдө ажырашкан. Шектүүлөр сейфте ири суммадагы акча бар деп ойлошкон, бирок акчанын негизги бөлүгү банкта сакталгандыгы белгилүү болду.
Учурда бул иш боюнча тергөө улантылууда.