Бишкек, "Саясат.kg". Материалдар сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен 2882 кызмат адамына жалпы 13 млн 674 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан 2025-жылдын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, аны белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган же туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 3472 кызматкер аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен 2882 кызмат адамына жалпы 13 млн 674 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Учурда калган кызматкерлерге карата материалдар сот тарабынан кароо стадиясында турат.