Талас шаарындагы бардык курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз уланууда. 

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Талас региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Айтматов районунун Чоң-Кара-Буура айылынын четиндеги 78-контурунда асфальт-бетон заводу реестрге катталбастан курулуп жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле курулуш иштери 70 пайызга аяктап, завод толук кандуу иштеп жаткандыгы маалым болду. 

Натыйжада, башкармалык тарабынан “Гранит Транс Сервис” ЖЧКсына карата 200 000 сом айып пул салынып, реестрге катталуу боюнча көрсөтмө берилди.

Мындан сырткары Талас шаарындагы бардык курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз уланууда. 

Маалымат үчүн: Курулуш реестри - мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү, курулуш объекттеринин, долбоорлоочу жана куруучу уюмдардын, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жактардын, ошондой эле уруксат берүүчү жана долбоордук документтердин эсебин жүргүзүүгө арналган маалыматтык система.