Бишкек, "Саясат.kg". Бул факты боюнча материалдар укуктук баа берүү жана процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө тыюу салынган тамеки продукциясын өлкө аймагына алып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына кирип келе жаткан автомашинадан 190 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки (снюс) продукциясы табылган.
Бул факты боюнча материалдар укуктук баа берүү жана процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.